Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстанга иш сапарынын алкагында Ташкенттеги ун жана кант азыктарын өндүргөн «Chafers» факбрикасына барды.
Фабрикага Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Ташкенттин мэри Жахонгир Арыходжаев менен бирге барды.
Муну менен катар Кыргызстандын жана Өзбекстандын премьер-министрлери ун жана кондитер азыктарын чыгарган «ArdetnFood» фабрикасына барышты.
Ошондой эле Кыргызстандын премьер-министри зер буюмдарын чыгарган Realtex фабрикасына, «Fonon» жана «Orient Ceramic» заводдоруна барды.
Өкмөт башчы аталган завод жана фабрикалардын ишмердүүлүгү менен кеңири таанышты.
Пикир
Оставить комментарий