• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто акын Жолон Мамытовдун туулган күнүнө карата поэзия кечеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Үстүбүздөү жылдын 1-2-апрель күндөрү Ош шаарында акын Жолон Мамытовдун туулган күнүнө карата поэзия кечеси өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечеге акындын замандаштары, шакирттери, акындар жана шаардыктар катышат.

Поэзия кечеси 1-апрель күнү саат 16:00дө "Алымбек Датка" этнографиялык борборунда өтөт. Ал эми 2-апрелде саат 11:00дө ОшМУнун башкы корпусунда болот.

Пикир

Оставить комментарий