• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош: Масалиев кең көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштеринин үчүнчү этабы жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштеринин 3-этабы кызуу жүрүүдө. Учурда жол тилкесинде бордюрлар төшөлүүдө.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бордюрларды орнотуу иштерине кошумча жумушчу бригадасы тартылган. Жакынкы күндөрдө бардык иштер бүткөрүлүп, жол сызыктарын чийүү иштери башталат.

Бүгүн иштин жүрүшүнөн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыгып, тиешелүү тапшырмаларды берген.

Пикир

Оставить комментарий