• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстан менен Кытайдын маданий борборлорун ачуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Кытайдын маданият жана туризм министри Ху Хэпин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кыргызстан менен Кытайдын маданий борборлорун ачуу, ошондой эле туризм, маданий алмашуу жаатындагы өз ара аракеттешүү жана искусство, кино ж. б. тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Тараптар маданий байланыштарды бекемдөө боюнча ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий