• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир айда “Мекен картты" алуу үчүн 34 адам арыз берген

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. / Кабар/. Кыргызстанда бир айдын ичинде “Мекен картты" алуу үчүн 34 адам арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 1-кварталында аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, анын 18и гана каралып, канааттандырылган.

“Министрлик бул жаатта ишти күчөтүүсү зарыл”, - деди Жапаров.

Эскерте кетсек, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов биринчи "Мекен-картты" ата-энеси Кыргызстандын жараны болгон Ж.Исанбек кызы аттуу Россиянын жаранына 12-июнда тапшырган.

Эске сала кетсек, "Мекен-карт" автоматташтырылган маалымат тутуму 2023-жылдын 13-мартында өндүрүштүк пайдаланууга берилген.

Долбоор мурда КР жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине мекендеш статусун алууга жана өлкөнүн аймагында болуу үчүн бардык артыкчылыктардан пайдаланууга мүмкүндүк берет, бирок шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий