• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

Коом 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестин 45 миң 607 адам тапшырып, 29 миң 49 адам- кыргыз тилинде, 16 миң 558 адам- орус тилинде тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, тарых боюнча тестти - 24 миң 963 адам, биология боюнча - 14 миң 309 адам, химия - 10 миң 922 адам, математика - 10 миң 264 адам, англис тили - 9 миң 674 адам, физика боюнча - 5 миң 551 адам тапшырды.

Ошондой эле министрликтен кабарлашкандай, 20-21-июлда Бишкек жана Ош шаарларында ар кандай себептер менен тестирлөөнү өз убагында тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн кайра тестирлөө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий