• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча 6 диалогдон турган иш-чаралар өткөрүлөт

Коом 0


Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча 6 диалогдон турган иш-чаралардын тобу өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Акимбек Бектеналиев билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк системалары боюнча саммиттин алкагында азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба тармагындагы инновациялык чечимдер, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшү боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

Бектеналиевдин айтымында, азык-түлүк системасы боюнча демилгени БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш көтөрүп чыккан.

“Мартта Кыргызстан БУУнын штаб-квартирасы тарабынан уюштурулган 2021-жылкы азык-түлүк системалары боюнча глобалдык саммитке катышарын тастыктаган. Саммит азык-түлүк системаларын кайра жакшыртып түзүү боюнча жаңы чечкиндүү иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган. Кыргызстан өлкө деңгээлинде 6 диалогдон турган иш-чаралардын тобун өткөрүп, анын отчетун БУУнун штаб-квартирасына берет”, - дейт ал.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2020-2030-жылдар аралыгы “Кыймыл” 10 жылдыгы деп жарыяланганын айтат.

“Ал туруктуу өнүгүүгө жетүү кыймылы. Дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө азык-түлүк таңкыстыгы катталса, айрым өлкөлөрдө азык-түлүк ашыкча көлөмдө бар. Өнүккөн өлкөлөрдө тамак-аштар таштанды катары ыргытылып турат. Эгер дүйнөдө ачкачылык болуп жатса, кантип туруктуу өнүгүүгө жете алабыз. Андыктан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто өтө турган азык-түлүк боюнча глобалдык саммитте азык боюнча көйгөйдү кантип чечсе болот жана ал аркылуу кантип туруктуу өнүгүүгө жетүүгө болоруна көңүл бурулат”, - деди ал.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Аднан Курешинин айтымында, 2050-жылга жер жүзүндөгү адамдардын саны 9,7 млрд адамга жетиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий