• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нью-Йоркто кыргызстандыктар Centerra Gold компаниясына каршы митингге чыгышты

Коом 0


Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Нью-Йорктогу кыргызстандыктар “Кумтөр” алтын кенин иштеткен канадалык Centerra Gold компаниясына каршы митинг уюштурушту.

Митингчилер компаниянын өлкөнүн экологиясына келтирген зыянына нааразычылыгын билдиришип, мөңгүлөрдү талкалаганы жана экологияга зыян келтиргени үчүн канадалык компанияны жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Эскерте кетсек, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчетун карашып, министрлер кабинетине кенди пайдаланууда "Centerra Gold Inc." жоопкерчиликсиз аракеттерине байланыштуу "Кумтөр Голд Компаниге" убактылуу тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучуну дайындоону сунуштаган.

Жыйындын жүрүшүндө КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши турганын билдирген. Ошондой эле ал “Кумтөрдөн” сыйлык алып турган депутаттар дагы бар экенин айткан.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Убактылуу тыштан башкарууну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгон. "Кумтор Голд Компани" компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Бүгункү күндө Кумтөр иши боюнча бир катар чиновниктер жана мурдагы депутаттар кармалган.

Пикир

Оставить комментарий