Фоторепортаж - Президент Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди

Президент 0

Бишкек, 07.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде 2010-жылы Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди.

Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Чогулгандар бир мүнөт үн катпай турушуп, курман болгондордун элесине арналып куран окулду.

Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.

Пикир

Оставить комментарий