• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Футбол. Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Кореянын курамалары беттешет

Спорт 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтөт. Дүйнөлүк биринчиликтин эки жолку катышуучусуна каршы болгон беттеш Бишкектин Д.Өмүрзаков стадионунда саат 20:00до орун алат.

Көрүүчүлөрдү саат 18:00 тарта атайын шоу-программа күтөт, анын катышуучусу ата-мекендик эстрада жылдызы Мирбек Атабеков ырдайт.

Эске салсак, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте "А" тайпасында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий