• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча дүйнө чемпонатында кичи коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Колумбияда өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатында кичи коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 102 кг салмак категорияда катышты. Жулкуп көтөрүүдө спортчу 171 кг көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 217 кг көтөрүп, аталган көрсөткүчтө коло байге жеңди.

Ал эми жалпы эсепте 388 упай менен 4-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий