• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Футбол: Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Мьянма менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 25.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) бүгүн Мьянма менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. Футбол талаасына кыргызстандык спортчулар ак түстөгү форма менен чыгат.

Жаштар арасындагы Азия кубогунун тандоо туру саат 18:00дөн тартып шоу-программа менен коштолот. Билеттер kassir.kg сайтында сатылууда.

Белгилей кетсек, күн мурун жаштар курама командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо расмий машыгуусун өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий