Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Эртең, 26-июлда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун экинчи жарым финалдык беттеши өтөт. Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жарым финалда Оштун “Алай” клубу менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы оюн өткөрөт.
Беттеш саат 18:00дө башталат.
Пикир
Оставить комментарий