Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы жаңы башкы машыктыруучу Сергий Пучковдун жетекчилиги астында Азия Кубогунун финалдык этабына даярдыктарды баштайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, U-20 жаштар курамасы 12-февралдан 1-мартка чейин Шэньчжэнь шаарында (Кытай) өтө турган континенталдык турнирде ойнойт. Кыргызстан курамасы Австралия, Кытай жана Катар курамалары менен бир тайпада жайгашкан.
Даярдыктын биринчи этабынын алкагында команда Ысык-Көлдүн "Кыргызское взморье резорт" пансионатында старттык окуу машыгуу жыйындарын өткөрөт. Андан ары 1-январдан тарта команда Испанияда окуу-машыгуу жыйынын улантып, 5 контролдук беттеш өткөрөт. Андан соң курама турнирге катышуу үчүн Кытайга сапар алат.
Пикир
Оставить комментарий