Бишкек, 15.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатынын алгачкы күнүндө Россия менен Сауд Аравия мамлекетинин курама командалары беттешти. 14-июнда болгон беттеште Россия командасы Сауд Аравияны 5:0 эсебинде артта калтырды.
12-мүнөтүндө Юрий Газинский башы менен сүзгөн тобу Сауд Аравиянын дарбазасынан орун алды. 43-мүнөтүндө Черышев эки коргоочуну алдап өтүп тепкен тобу голго айланды.
2-таймдын 71-мүнөтүндө Головиндин көтөрүп берген тобун Дзюба сүзүп эсепти 3:0го өзгөрттү. Кошулуп берилген убакытта, тактап айтканда 91-мүнөтүндө Черышев сол буту менен тээп гол киргизди. 93-мүнөтүндө Головиндин узактан тебилген тобу каршылашынын дарбазасына кирди.
Эскерте кетсек, 15-июнда саат 18:00до Египет менен Уругвай мамлекетинин курама командалары беттешет.
Пикир
Оставить комментарий