• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Футбол: Эртең “Ак шумкарлар” оюн талаасына ак түстөгү форма менен чыгат

Спорт 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бүгүн 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында өтө турган Катар – Кыргызстан беттешин утурлай уюштуруу жыйыны өттү.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, анда оюнчулардын формаларынын түстөрү аныкталды. Кыргызстандын улуттук курамасы эртең ак түстөгү формада оюн талаасына чыгат. Ал эми Катардын оюнчулары кочкул кызыл түстөгү формада ойнойт.

Белгилей кетсек, 10-октябрда Кыргызстан-Катар беттеши Доханын “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий