• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Футбол. Кыргызстандагы алгачкы VAR системасы тесттен ийгиликтүү өттү

Спорт 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда Кыргызстандагы алгачкы VAR – калыстарга видео жардам системасынын тестти болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Аталган системанын тестирлөөсү "Барселона" футбол академиясынын жана "Мурас-Юнайтед" жаштар U-16 командалардын оюнунда орун алды.

Тестирлөө Азия футбол конфедерациясынын VAR боюнча өзбекстандык адис Саидов Жахонгир, Кыргыз футбол биримдигинин Калыстар бөлүмүнүн өкүлдөрү Спартак Даниленко жана Скопинцев Артемдун жетекчилиги алдында өттү. Адистердин айтымында, тестирлөө ийгиликтүү болду.

Эскертек, расмий түрдө бул система Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын U-20 жаштар чемпионатында колдонулат. Эл аралык турнир 5-13-июль күндөрү Жалал-Абаддын "Курманбек" стадионунда алты өлкөнүн курамалардын катышуусунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий