• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Футбол. Кыргызстандын кубогун "Мурас Юнайтед" жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча кубогун финалда Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 3:2 эсеби менен уткан Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" командасы жеңди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, мелдеш күн мурун, 15-сентябда Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда өттү.

Сыйлоо аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышып, "Мурас Юнайтеддин" оюнчуларына медалдарды тагып, жеңиши менен куттуктады.

Спорттук иш-чарада белгилүү эстрада жылдыздары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий