• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

“Мен чемпионмун” — Караколдо республикалык кышкы оюндар өттү

Спорт 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Каракол шаарында 18-19-декабрь күндөрү КР балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучуларынын катышуусунда республикалык “Мен чемпионмун” кышкы оюндарынын 1-бөлүгү болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештин жүрүшүндө тоо лыжа спорту (слалом) жана лыжа жарышы боюнча мелдештер өттү.

Мындан сырткары, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган бир катар иш-чаралар болду.

Аталган мелдеш Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Каракол шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана “Хельветас Кыргызстан” тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү”долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.

Аталган оюндар 2022-жылы өткөрүлө баштаган. Мелдештин 2-3-этабы 2024-жылдын январында өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты дене тарбия жана спортту пропагандалоо, сергек жашоо образын калыптандыруу жана мелдештин жыйынтыгы менен курама командаларды түптөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий