• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Футбол. Кыргызстандын кубогун жеңген "Мурас Юнайтедге" 30 миң доллар тапшырылды

Спорт 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев "Мурас Юнайтед" (Жалал-Абад шаары) футбол клубунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Футбол биримдигинен билдиришкендей, жолугушууда Букуев футбол клубунун өкүлдөрүнө 2024-жылкы КР кубогун жеңгендиги үчүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды. Сертификатты клубдун президенти Айбек Алыбаев кабыл алды.

Ошондой эле жолугушууга клубдун дарбазачыларынын машыктыруучусу Акрам Акбаралиев жана спорт директору Эльдар Магизов да катышты.

"Кыргыз футбол биримдигинин акчалай сыйлыкты кубоктун жеңүүчүсүнө бөлүп берүү чечими биз үчүн жагымдуу жаңылык болду. Бул демилге үчүн Кыргыз футбол биримдигине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Албетте бул футболдук клубдар үчүн кошумча мотивация болот", — деп белгиледи Айбек Алыбаев.

Белгилей кетсек, быйыл КФБнын аткаруу комитети тарабынан футболдук мелдештерге атайын байге фонду бекитилген.

Премьер-лиганын жеңүүчүсүнө - чемпионго 50 миң доллар, КР кубогунун жеңүүчүсүнө 30 миң доллар, Суперкубоктун жеңүүчүсүнө 20 миң доллар ыйгарылат. Мындай чечим жогоруда аталган мелдештерге катышкан футбол клубдарына стимул берип, шыктандыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий