• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова менен Медет кызы Айпери “коло” медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) учурда Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында күрөш боюнча коло медаль утту.

3-орун үчүн болгон кармашта ал Япониянын спортчусу Аяна Гемпейди 7:3 эсебинде утуп калган.

Ошондой эле күрөш боюнча коло медалды 76 кг чейинчи салмак боюнча кыргызстандык Медет кызы Айпери багындырды. Ал Монголиянын спортчусун 4:2 эсебинде жеңген.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда алты медаль бар: үч күмүш жана үч коло.

Пикир

Оставить комментарий