• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 21-майда старт алган Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионат Дубай шаарында өтүп, 1-июнда жыйынтыкталат.

Мелдеште Азат Усеналиев (52 кг), Акылбек Эсенбек уулу (57 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг) жана Рустам Ырысбек уулу (91 кг) коло медалды тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий