• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад облустук милициясында бир катар кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Жалал-Абад облустук милициясынын имаратында бир катар кызматкерлер кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн сыйланышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад ОИИБдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмүнүн начальниги Нурбек Масалимовго милициянын полковниги, КР ИИМдин атайын багыттагы полкунун (АБП) Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-инспектору Расулберди Мырзатаевге милициянын капитаны наамы ыйгарылды.

Ошондой эле КР ИИМдин криминалистикалык кызматынын жана атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөн күндөрүнө карата бир катар кызматкерлер ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан сырткары 2020-жылдын 1-январь түнү кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкер, милициянын сержанты Абылов Майрамбек Тынычбековичке ИИМдин “Каармандык” медалы ыйгарылды. Ал 2013-жылдан тартып ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. “Каармандык” медалы анын атасы Тынычбек Абыловго тапшырылды. Өз кезегинде сөз сүйлөгөн Тынычбек Абылов ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, милиция кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле уулунун артында калган 2 небересине атасынын милицияда иштегенин сыймыктануу менен айтып берээрин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий