• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Футбол: Кыргызстандын курамасы Катарга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Катарга утулуп калды. Беттеш 1:3 эсебинде жыйынтыкталып, катарлыктар жеңишке жетти.

Оюн 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 3 раундунун алкагында Доха шаарында өттү.

Белгилей кетсек, Катардын футбол боюнча курама командасы Азия кубогуна он жолу катышып, бир жолу кабыл алуучу өлкө катары дүйнө чемпионатына катышкан. Катарлыктар эки жолу – 2019 жана 2023-жылдары Азия чемпиону аталган.

Кыргызстандын курама командасы Катар менен тарыхта эки жолу беттеш өткөргөн. 2004-жылы өткөн жолдоштук беттеш голсуз тең чыгуу менен аяктаган. 2018-жылдагы беттеште катарлыктар 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Эми кийинки аптанын 15-октябрында Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Кыргызстан менен Түндүк Корея беттеши болот.

Пикир

Оставить комментарий