Футзал боюнча Азия кубогу: Бүгүн Кыргызстандын курамасы Тажикстан менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия кубогунун тайпалык экинчи турдук оюндардын алкагында бүгүн Тажикстан менен кез келет.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш «Бангкок Арена» стадионунда өтөт.

Эске салсак, Кыргызстандын курамасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.

Турнирдин биринчи турунун алкандагы беттеште Кыргызстандын Улуттук курама командасы учурдагы Азия чемпиону Жапонияны жеңген (3-2) .

Оюндун түз алып берүүсү УТРК Спорт жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий