• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров оңдоп-түзөөдөн өткөн Гареев атындагы Ботаникалык бакка барды

Президент 0

Бишкек, 20.04.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка аны реконструкциялоодон кийин барды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаарлыктар, айрыкча улуу муун, жаңыланып жана жакшы жагына өзгөрүп бара жаткан Бишкектеги өзгөрүүлөрдү кубануу менен кабыл алып жатышканын белгиледи. Бул көбүнесе алар «жашыл шаар» деп аталган калаада жаштыгын өткөрүшкөнүнө байланыштуу.

Муну менен бирге, президент белгилегендей, акыркы 15 жылда борбор калаа жашыл шаар макамын жоготту. Парктар тонолуп, алардын жер тилкелери сатылып, жеке колдорго өтүп кеткен.

Мамлекет башчысы учурунда «жашыл шаар» деген ат менен таанылган борборубузду ошол жайкалган жап-жашыл көрүнүшүнө алып келүү ниетин айтып, бул аракеттерди жалпы мекендештерибиз, айрыкча борбор калаа тургундары ар тараптан колдойт деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүү менен бирге, Кыргызстандын жаратылышын сактап калууга багытталган «Жашыл Мурас» демилгелерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, быйылкы жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 8 миллион көчөт отургузуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалган.

Президент Ботаникалык бактын кейиштүү абалын көрүп, ошондой эле анын экологиялык абалды жакшыртуудагы ролун жана республика аймагына түркүн көчөттөрдү отургузуудагы салымын эске алуу менен, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана оңдоп-түзөө иштерин аткаруу аркылуу аны калыбына келтирүү чечимин кабыл алганын эске салды.

Себеби Улуттук илимдер академиясына тийиштүү Ботаникалык бак – бул Кыргызстандын жаратылыш флорасындагы өсүмдүктөр ресурсун туруктуу пайдалануу максатында селекциялоо, сактоо жана байытуу жаатындагы алдыңкы илимий мекеме, биологиялык түрлөрдү изилдөө жана сактоо боюнча башкы борборлордун бири. Башкача айтканда, улуттук байлыгыбыз, - деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Ботаникалык бакты сактоо максатында тийиштүү тапшырмалар берилген. Ал эми былтыр ушул М.Горький көчөсүндөгү бакчанын жалпы аймагын реконструкциялоо иштери башталган.

Президенттик Администрация, "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы жана Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын жетекчилери 33 млн сомдук 3 тараптуу келишимге кол коюшкан.

Анын алкагында коллекциялык декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатылып алынган. Отоо чөптөр жана бадалдар тазаланып, сугат суусун топтоо үчүн скважина казылып, тамчылатып сугаруу үчүн атайын мунара орнотулду.

Мындан тышкары, аллеялар жана жолдор оңдолуп, күн батареялары аркылуу жарыктандыруучу жабдуулар коюлду. Лабораториялык имарат салынып, күнөскана оңдолуп-түзөлүүдө.

Садыр Жапаров ошондой эле реконструкциялоо жана калыбына келтирүү иштери жолдун аркы тарабында жайгашкан бакчанын 16 гектарында жана Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакчада жүргүзүлөрүн белгиледи.

Соңунда президент Садыр Жапаров жарандарды жаратылышты коргоого салым кошууга, шаардын тазалыгын сактоого, бак-дарактарды, көчөттөрдү кароого, көрктөндүрүү иштерине жардам берүүгө жана ишембиликтерге активдүү катышууга чакырды.

Ботаникалык бакка баруу учурунда Садыр Жапаров бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууга да катышты.

Пикир

Оставить комментарий