• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбековдун Өзбекстанга жасаган расмий сапарында биргелешкен документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында бүгүн, 13-декабрда, биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Шавкат Мирзиёев Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Расмий сапардын жүрүшүндө төмөндөгү документтерге кол коюлду:

2018-2021-жылдары Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу тууралуу Программа;

Бажы ведомстволорунун ортосунда товарларды жана транспорттук каражаттарды ооштурууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлүштүрүлгөн тартибин киргизүү тууралуу (жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору);

Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы менен Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын ортосунда илимий-техникалык кызматташуу тууралуу келишим;

Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда 2018-жылга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуусу боюнча иш чаралар планы;

Өзбекстан Республикасынын Профсоюздар федерациясы менен Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу;

Өзбекстан Республикасынын Жаштар союзунун Борбордук кеңеши менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

Пикир

Оставить комментарий