Футзал боюнча Азия кубогу: Кыргызстан Тажикстан менен тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Таиланддын Бангкок шаарында 2024-жылкы футзал боюнча Азия кубогунун тайпалык этабынын экинчи туру өтүүдө.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын турнирдеги экинчи беттеши бүгүн, 20-апрелде «Бангкок Арена» стадионунда Тажикстанга каршы орун алды.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.

Беттеш 2-2 эсеп саны менен тең чыгуу менен аяктады. Биринчи голду Махмадаминов (37'), ал эми экинчи голду Алимов (39') киргизди.

Кураманын тайпадагы кийинки беттеши 22-апрелде Түштүк Кореяга каршы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий