Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Футзал боюнча Азия биринчилигине (U-20) тандоонун экинчи айлампасынын алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Тажикстандын командасын жеңип алды.
Оюндун биринчи бөлүгүндө биздин спортчулар 5 гол киргизип алдыга чыккан. Маматзия Жолдошов, Денис Амандык уулу, Азамат Дөлөткелдиев бир голдон жана Мирлан Жолдубаев эки ирет гол киргизген.
Беттештин экинчи бөлүгүндө тажикстандык оюнчулар оюнду ылдам баштап, Халид Сабуровдун аракети менен бир гол киргизүүгө жетишишкен. Көп узатпай Дамир Исаков Тажикстандын курамасынын дарбазасына бир топ киргизип, эсепти 6:1 кылган.
Ошентип, эки айлампанын жыйынтыгы менен Кыргызстандын командасы 3 упайга ээ болуп, “В” тайпасында 2 орунда турат. Кыргызстанды 3:6 эсебинде жеңген Өзбекстандын курамысында да 3 упай бар.
Бүгүн үчүнчү турдун оюнунда Өзбекстан менен Тажикстан беттешет.
Борбордук аймактагы Азия биринчилигинин тандоо турунда 6 команда ат салышып, алар эки тайпага бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, алдыңкы эки командага мелдештин финалдык баскычына жолдомо берилет. Ошондой эле дагы бир жолдомо экинчи орунду ээлеген курамалар ортосунда ойнотулат.
Пикир
Оставить комментарий