• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Гүламжан Анарбаев Финчалгындоо кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди

Коом 0

Назарыңыздарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Анарбаев Гуламжан Сатбалдыевич менен маекти сунуштайбыз.

- Финансылык чалгындоо кызматы эмне жумуш аткарат, анын үстүнө көпчүлүк бул мекемени укук коргоо органы катары түшүнөт ушул боюнча айтып өтсөңүз?

― Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

Финансылык чалгындоо кызматы төмөнкүдөй милдеттери аткарат:

1) милдеттүү контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) тууралуу жана шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды (билдирүүлөрдү), документтерди, кабарларды жана башка материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтоо, талдоо жана сактоо;

2) терроризмди (экстремизмди) каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо үчүн белгиленген тартипте аналитикалык жумушту жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыланган материалды даярдоо жана укук коргоо жана сот органдарына жөнөтүү;

3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик же экстремисттик ишти каржылоо жана жапырт кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо тобокелдиктерин баалоону белгиленген тартипте жүргүзүү, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны (саясатты) ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу.

Туура айтасыз, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын көпчүлүк учурда укук коргоо органдарына алмаштырып алат, мен ушул учурдан пайдаланып түшүндүрө кетейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, укук коргоо же сот органдарынын тутумуна тиешеси жок эл аралык практикадагы апробацияланган мисал - администрациялык типтеги анализ жүргүзүүчү мекеме. Ошондой болсо да стандарттык көз караш мамлекеттик органдар тутумунда Финансылык чалгындоо кызматынын ордун жана ролун түшүнүүдө көпчүлүк учурда жаңылыштыкка алып келет. Финансылык чалгындоо кызматын кээде жаңылыштык менен укук коргоо же контролдоочу органдардын катарына кошуп коюшат, оперативдик жана тергөө функцияларын аткарат деп эсептешет, чындыгында мунун баары Финчалгындоо кызматынын ишине эч тиешеси жок.

- Сиз бул мекемени жетектегенден бери бир жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Андан бери кандай жумуштар жасалды, ошолорго токтолуп кетсениз?

― Ооба, бул мекемеге мен келген кезде бир топ маселелер бар экен. ФАТФ деген дүйнөлүк уюм бар, ал уюм дүйнө жүзүндө терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адамлдоого каршы аракеттенүү боюнча ар бир мамлекеттин улуттук системасын баалоодон өткөрүп турат. Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук системабыз, ченемдик-укуктук актыларыбыз дүйнөлүк стандарттарга жооп бербей, мына ошол уюмдун күчөтүлгөн мониторингине кирип калган. Эгер көрсөткүчтөрдү көтөрбөсө уюмдун боз тизмесине (серый список) кирип калуу коркунучу бар эле. Бул маселелер менен таанышып, анализдеп көргөндөн кийин, биз эл аралык донорлор менен сүйлөшүп, мунун үстүндө иштеп алар менен кызматташууга жетиштик. Алардын жардамы менен кылмыштуу акчаларды адалдоого каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык деңгээлдеги эксперттерди чакырып өзүбүздүн кызматкерлерди, ошондой эле күч органдарынын кызматкелерин окутууга жетиштик. Мындан тышкары, эл аралык баалоочу эксперттерди окутуп чыгардык. Бүгүнкү күндө биз окуткан баалоочу эксперттердин ичинде бир эле Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлери эмес, Башкы прокуратура, Улуттук банк, Каржы полициясы, коммерциялык банктын кызматкерлери бар. Алар башка мамлекеттерди да баалоого катышып жатышат (Беларус, Тажикстан). Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында 16 мамлекет катышкан эл аралык деңгээлдеги “Акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык форум” өткөрдүк. Мындай форумду биринчи болуп Орто Азияда биз уюштурдук. Ноябрь айында Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарындагы прокуратура жана банк кызматкерлерине барып атайын окууларды өткөрүп келдик, буюрса калган облустарга да ушундай окууларды уюштурууну максаттап жатабыз.

Мындан сырткары, КР мыйзамынын жана өкмөт кабыл алган токтомдун негизинде бүгүнкү күндө бир катар башка мамлекеттик органдар менен да тыгыз байланышта иштеп жатабыз.

- Кечээ жакында эле Ашхабадда чоң иш-чарага катышып келиптирсиздер. Ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз...

― Түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтайын, Кыргыз Республикасы Евразиялык кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү тобу (ЕАТ) тарабынан күчөтүлгөн мониторингге коюлганын эскерте кетүү керек. 2018-жылы Нанкин шаарында (КЭР) террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук системасын өз ара баалоонун натыйжалары боюнча Кыргызстандын Улуттук системасында кемчиликтер табылгандыктан, ФАТФтын 13 сунушу боюнча дал келбөөчүлүктү жана жарым-жартылай дал келбестиктерди жана системанын натыйжалуулук деңгээлинин төмөндүгү белгиленген.

26-ноябрдан 30-ноябрга чейин Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Евразиялык кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү тобунун (ЕАТ) 31-пленардык отуруму болуп өттү, буга чейин биз май айында Москва шаарында (РФ) өткөн ЕАТнын 30-пленардык жыйынында, мындан мурун айтып өткөн ФАТФтын боз тизмесине (серый список) кирбөө үчүн 1-отчётту жактап келгенбиз. Бул ирет биз ФАТФтын сунуштамалары боюнча рейтингди жогорулатуу максатында отчетубузду жактап келдик.

Финансылык чалгындоо кызматынын жана Улуттук банктын өкүлдөрүнөн турган делегация, Евразиялык кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү тобунун күчөтүлгөн мониторингинин алкагында, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча улуттук системанын прогресси жөнүндө 2-отчётун жактадык.

Өз ара баалоонун жыйынтыгында улуттук системабыздан табылган кемчиликтерди жоюу үчүн 2018-жылдын 6-августунда №87 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана 2018-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №606 токтому кабыл алынган. Бул ченемдик-укуктук актылар террордук ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан операцияларды жана каражаттарды тоңдуруунун тартиби, кардарларды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, субъекттердин тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу милдеттенмеси, ошондой эле, терроризмди каржылоого жана акчаны адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган чаралар жана аракеттер боюнча укуктук базаны белгилейт.

Кыргыз Республикасы күчөтүлгөн мониторингге берилгендигин белгилеп кетүү керек, анткени мамлекет ФАТФтын 13 сунушу боюнча дал келбөөчүлүктү жана жарым-жартылай дал келбестиктерди алган жана системанын натыйжалуулук деңгээлинин төмөндүгү да болгон. Бирок Кыргыз Республикасынын террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүн жөнгө салуучу жаңы мыйзамды кабыл алуу менен жана улуттук системанын натыйжалуулугун күчөтүү боюнча, жогорку көрсөткүчтөргө жана эл аралык стандарттарга жооп берген рейтингдерди жогорулатууга шарт түзгөн натыйжаларга ФЧМК тарабынан активдүү жүргүзүлүп жаткан иштердин негизинде жетишилди, муну менен Кыргызстан терроризмди каржылоого жана акчаны адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө тобокелдиктерге жана коркунучтарга каршы күрөшүү алкагында кыйла өсүү болгонун көрсөттү.

Кыргыз Республикасын өз ара баалоо, укук коргоо органдарына, ошондой эле бүтүндөй Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террордук ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча коюлган максаттарды сапаттуу ишке ашырууга баардык улуттук системага кошумча түрткү берди десек болот.

Кыргыз Республикасынын делегациясы ФАТФтын 16 сунуштамасы боюнча рейтингдерди жогорулатуу боюнча билдирилген бардык позицияларын коргоду. Өз кезегинде Кыргыз Республикасы тарабынан өз ара баалоонун алкагында табылган улуттук системадагы кемчиликтерди четтетүүгө багытталган, ошондой эле жогорку көрсөткүчтөр жана иштин натыйжалуулугун эске алуу менен, ЕАТга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү (Беларус, Индия, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) бардык суратылган рейтингдер боюнча бир пикирге келишти жана алар боюнча консенсуска жетишилди.

29-ноябрда ЕАТнын пленардык отуруму Кыргыз Республикасынын террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча улуттук системабыздын прогресси тууралуу Кыргыз Республикасынын ФАТФтын 16 сунушунyн 13ү боюнча рейтингдерин көтөрүү боюнча отчетун бекитти.

ФАТФтын калган 3 сунушу боюнча 2020-жылдагы прогресс жөнүндө отчеттун алкагында маалымдоо чечими кабыл алынды.

Дагы бир белгилей кетчү жеңишибиз бул ЕАТга мүчө-мамлекеттердин ичинен (Беларус, Индия, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) Типологиялык Кейс боюнча өткөрүлгөн конкурстан Кыргызстан биринчи орунду алдык, эки кызматкерибиз ЕАТнын ардак грамотасын алды бул да биз үчүн чоң сыймык болду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы террордук ишти каржылоодон жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруудан (адалдоодон) пайда болуучу тобокелдиктерге жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча бардык күч-аракеттерди жумшайт, ошондой эле, предикаттык кылмыштар боюнча, ФЧМК 2017-жылдагы, 2018-жылдагы жана 2019-жылдын тогуз ай ичиндеги иштеринин жыйынтыктары боюнча укук коргоо органдарына

Багыт боюнча

2017-жыл

2018-жыл

2019-жылдын 9 айы

Акчаны адалдоо

27

46

50

Террордук ишти каржылоо

9

11

31

ушул жалпыланган материалдар өткөрүлүп берилген. Мунун жыйынтыгында жалпы суммасы бир миллиард сомдон ашуун акча тоңдурулуп, андан, бир жүз элүү миллион сомдон ашуун акча бюджетке түшүрүлдү, калган суммалар тоңдурулуп турат жана бул боючна Каржы полициясы иш алып барууда. Андан башка дагы биз берген материалдар менен Каржы полициясы иш алып барууда, анын жыйынтыгы жыл бүткөндө билинет.

- Президент 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялады, бул багытта Финансылык чалгындоо кызматында эмне жумуштар жасалды?

― Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан “Санарип Кыргызстан 2019-2023”санариптик трансфармациялоо концепциясын жана “Жол Картаны” ишке ашыруу боюнча коюлган тапшырмалардын ар бир пункту аткарылды “Жол Картада” пунктардын ар бири боюнча айтып кетейин:

Жол картанын 37.1 пункту боюнча Финансылык чалгындоо тарабынан “Түндүк” Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) мүчө болуп туташтыруу боюнча эки сервердик аппарат даярдалып, Кыргыз Республикасынын жыйындык санкциялык тизмеги (Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү физикалык жана юридикалык жактар такталып) “Түндүк” ЭВӨС системасына киргизилип азыркы тапта активдүү колдонулууда. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун жыйындык санкциялык тизмеги даярдалып 2019-жылдын 4-октябрынан тарта “Түндүк” ЭВӨС системасына киргизилди.

37.2 пункту боюнча "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы жөнүндө маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги" даярдалып “Түндүк” Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) иштетүүгө киргизилип азыркы тапта маалыматтар менен толукталууда.

38.1 пункту боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалымат базасы түзүлүп “Юридикалык жактардын бенефициардык ээлери” жөнүндө электрондук маалымат базасы иштелип чыгып “Түндүк” ЭВӨСко 2019-жылдын 4-октябрынан тарта киргизилди.

39.1 пункту “Улуттук эл алдындагы кызмат адамдары жөнүндө” электрондук маалымат базасы түзүлүп 2019-жылдын 10-декабрынан тарта “Түндүк” ЭВӨСко киргизилип азыркы маалда керектүү маалыматтар менен толукталууда.

Учурда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан “Түндүк” Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында кызматташууга Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Социалдык фонд, ошондой эле Салык кызматы менен макулдашуулар жыйынтыкталып “Жол карта” боюнча маалымат системалары колдонулууда.

Мындан сырткары, биз Россиянын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматына караштуу эл аралык окуу-методикалык борбору менен акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кемчиликтерди жоюу боюнча макулдашууга кол койгонбуз, ошонун негизинде Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматына караштуу эл аралык окуу-методикалык борбору, Финансылык чалгындоо кызматынын сайтында Өздүк кабинет (Личный кабинет) иштеп жатат, бул өз кезегинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жеке кабинетти пайдалануу жолу менен финансылык чалгындоо органына маалымат жиберүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү тездетет.

Россиянын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматына караштуу эл аралык окуу-методикалык борбору менен ар тараптуу тыгыз кызматташып келебиз, анын алкагында жылына Россия Федерациясынын 13 жогорку окуу жайына Кыргызстандан акысыз окууга студенттерди жөнөтүп турабыз, 2019-окуу жылы үчүн 29 студент биздин линия менен жиберилди, 2020-жылга дагы 35 орун бөлүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий