Бишкек, 4-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 4-апрель күнү саат 08:40 чамасында Ош облусунун Алай районунда №959 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолунун 11-чакырымында, унаа жол болжол менен 9-10метр чейин чөккөн (узуну 30 м, туурасы 20м. болжол менен көлөмү 5000м³). Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Жабыркагандар жок. Унаа жолду калыбына келтирүү үчүн техника тартуу жагы каралууда.
Кошумча маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий