• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы отканалардын иши текшерилип, кемчиликтер аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Миргүл Эгемова күтүүсүздөн калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулугун, отканалардын ишмердүүлүгүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү учурунда айрым көп кабаттуу үйлөрдө батирлер жакшы жылыбай, 1-отканада жылуулук белгиленген нормада берилбей жатканы аныкталды. Бул боюнча жеринде "Жалал-Абад региондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин" жетекчисине эскертүү берилди.

Өз учурунда мекеменин жетекчиси отканадагы жагдайды техникалык себептер менен түшүндүрсө, батирлердеги жылуулуктун төмөн болушу эң жогорку кабаттагы батирлерден жылуулук түтүктөрүндөгү абанын чыгарылбай калганы менен байланыштырды. Ошондой эле, айтылган кемчиликтер жоюла турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, текшерүү аба ырайынын кескин төмөндөшү жана айрым жашоочулардын кайрылуусунун негизинде уюштурулган. Алдыда мындай текшерүүлөр күн сайын улантылып турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий