Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика боюнча Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар. Кыргызстандык пара жеңил атлетчи Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн "Дүйнө Гран-При" аттук лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу (Юлия Фернас - коштоп жүрүчү) 1500 м аралыкты 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Белгиленгендей, мелдеш 6-8-июнда Ноттвиль шаарында өттү.

Кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнь күндөрү Париж шаарында (Франция) өтөт. Ага ата мекендик жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев (Артём Шапилов - коштоп жүрүүчү) катышат.

Пикир

Оставить комментарий