Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Биздин журналисттер дүйнөлүк кесиптештеринен кем калышпайт, - деди КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын диктору Гүлшан Молдоева бүгүн биринчи жолу Бишкекте өтүп жаткан президенттин медиа жана журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземинде.
"Бүгүн өлкөбүздө чоң майрам өтүүдө. Биздин журналисттердин чет өлкөлүк журналисттер менен тең тайлашып иштеп аткандары кубандырат. Биздин журналисттер дүйнөлүк кесиптештеринен кем калышпайт. Ушундай иш-чара биздин өлкөдө өтүп аткандыгы абдан кубандырат”, - деди ал.
Эске сала кетсек, бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында журналистика жана медиа тармагындагы жетишкендиктерди колдоо жана баалоо максатында түзүлгөн тарыхта биринчи жолу “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө.
Пикир
Оставить комментарий