• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Гүнай Эфендиева Нидерланддагы түрк тилдүү мамлекеттеринин элчилери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева Нидерланд Падышачылыгына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаев, Казакстандын элчиси Аскар Жумагалиев жана Түркиянын элчиси Селжук Үнал менен жолугушту. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.

Жолугушууларда Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун уюмдун мүчө жана байкоочу өлкөлөрү, ошондой эле башка чет өлкөлөр менен кызматташуусуна басым жасалды. Фонд тарабынан түрк дүйнөсүнүн байыркы жана бай мурастарын тереңирээк изилдөө жана кеңири аудиторияга жеткирүү багытында түрдүү континенттерде жүргүзүлүп жаткан долбоорлор жана иш-чаралар белгиленди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Фонд тарабынан Азербайжандын, Казакстандын жана Түркиянын Нидерланд Падышачылыгындагы элчиликтери менен кызматташуунун алкагында "Петроглифтер, уруу тамгалары жана байыркы түрк жазуулары" эл аралык көргөзмөсү ийгиликтүү өтүп жатканы баса белгиленди.

Жолугушууда фонд менен мындан аркы кызматташуунун келечеги жана мүмкүн болуучу биргелешкен долбоорлор да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий