• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаратылыш газы эки күнгө өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бишкектин борбордук бөлүгүндө 27-28-сентябрда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" шаардык газ кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, №218 газды жөнгө салуу пунктунда жабдууларды алмаштырууга байланыштуу Киев көчөсү, 155, 157, Үмөталиев көчөсү, 86, Пушкин, Турусбеков көчөлөрүндө 2 күн жаратылыш газы болбойт.

"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий