• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Гамбургда кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 08.11.23./Кабар/. «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Алар төмөндөгүлөр:

⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Германиянын орто бизнес федералдык союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Sitex Group» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

⁃ Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен «Staff-eye Group» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен «Intertek GmbH» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

⁃ «Дауд АС» жана «Saatenberg GmbH» ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

⁃ «K.S. Solutions» жана «Kocks Consult GmbH, Stegemannstraße» ортосундагы ниеттер жөнүндө меморандум;

⁃ «BT Innovation» жана «Jebsen & Jessen Industrial Solutions Gmb» ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

⁃ «IWEX» жана «W.Hass Future GmbH» компаниялары ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

⁃ Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жашыл электр станциялары ассоциациясы менен «W.Hass Future GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;

⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Mark Maschinen & Anlagen GmbH» ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

⁃ «Кыргыз Винд систем» ачык акционердик коому менен «W.Hass Future» ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;

⁃ «Солто Скай Вэй Парк» жана «Josef Wiegand & Co» ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

⁃ «Солто Скай Вэй Парк» жана «KristallTurm» ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

Пикир

Оставить комментарий