Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Газа тилкесине 900дөн ашык унаа гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун басма сөз кызматы кабарлаганын Коммерсант гезити жазды.
Маалыматта айтылгандай, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы саналуу күн мурда Газага күн сайын гуманитардык жардам жүктөгөн 150дөн кем эмес унааны жиберерин билдирген.
Белгилей кетсек, Израиль менен Хамас кыймылынын ок атышууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишими 19-январда күчүнө кирген.
Өткөн жумада Хамас үч туткунду барымтадан бошотсо, ал эми Израиль 90 палестинди абактан чыгарган.
БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылдын октябрь айынан тартып Газа тилкесиндеги аткылоолордон 37 миңден ашык имарат кыйраган. Дүйнөлүк банк Газага келтирилген материалдык чыгымды 20 млрд доллар деп бааланган.
Пикир
Оставить комментарий