• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Германияда 27 жыл комада жаткан аял эсине келди

Дүйнө 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. 1991-жылы Германиянын Мюнхен шаарында жол кырсыгынан кийин кома абалында жатып калган аял 27 жылдан кийин эсине келди.

Бириккен Араб Эмиратынын жашоочусу Мунира Абдулла, Мюнхенде 32 жашында жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн, деп жазат bbc.com

"Мен эч качан болду деп айткан эмесмин. Апам бир күнү эсине келерин сезчүмүн", - деди журналисттерге анын уулу Омар.

"Мен бул окуяны элге айтайын деп чечтим, себеби алардын дагы жакындары ушундай абалда калса, эч качан үмүт шооласы үзүлбөш керек", - деди ал.

Ушу убакытка чейин Мунира Абдулланы туугандары Бириккен Араб Эмиратында, Британия жана Германиядагы ооруканаларда болуп, керектүү процедуралардан өтүп турган.

Учурда мекенине кайткан Мунира Абдулла дарылануну улантууда.

Пикир

Оставить комментарий