Германияда кыргыз диаспорасы Ак калпак күнүн белгиледи

Коом 0


Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Германияда жашап жаткан кыргыз диаспорасынын ɵкүлдөрү 5-мартта Ак калпак күнүн белгилешти.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришкендей, майрамга Берлин шаарында жана ага жакын жайгашкан Бранденбург федералдык аймагында жашаган кыргызстандык жаштар катышты.

Берлин шаарынын кɵчɵлɵрүндɵ жүргɵн ак калпакчан мекендештер жергиликтүү немис калкынын кызыгуусун жаратты. Аларга ак калпактын кыргыз элинин тарыхындагы жана маданиятындагы мааниси жана ээлеген орду тууралуу маалымат берилди.

Майрамда ак калпак жɵнүндɵ ырлар айтылып, кыргыз бийи тартууланды. Майрамга келген жаштар бири-бири менен баарлашып, кɵңүлдүү маанайда болушту.

Ак калпак күнүн Германиянын Гамбург, Мюнхен жана башка шаарларындагы кыргыз диаспора ɵкүлдɵрү да белгилешти.

Мындай иш-чаралар Германияда кыргыз маданияты, каада-салты тууралуу кеңири маалымат жайылтууга жана кыргыз диаспора ɵкүлдɵрүнүн бири-бири менен болгон байланышын бекемдɵɵгɵ ɵбɵлгɵ түзɵт.

Пикир

Оставить комментарий