Германияда кыргызстандыктар кымыз майрамын уюштурду

Маданият 0

Бишкек, 13.06.23. /Нурзат Жумалиева – Кабар/. Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык жеринин Вальдбрунн айылында кыргызстандыктардын жергиликтүү “Данек” диаспоралык уюму тарабынан кымыз майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Германияда, Австрияда, Чехияда жашаган 350гө жакын кыргызстандык, Кыргызстандан келген немис улутундагы жергиликтүү тургундар, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Франкфурт-на-Майне шаарындагы өкүлү катышты.

Элчиликтин өкүлү кыргызстандыктарга кайрылып, бардык катышуучуларды үчүнчү жолу өтүп жаткан кымыз майрамы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө майрамдын конокторуна улуттук тамак-аштар жана кымыз тартууланып, Германия жана Австрияда жашаган таланттуу музыканттар кыргыздын элдик күүлөрүн, ырларын аткарып, кыргыздын улуттук оюндары уюштурулуп, кыргыз элинин улуттук каада-салттары "тушоо кесүү" жана "кыз узатуу" көрсөтүлдү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында никеси Франкфурт-на-Майне шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин консулдук өкүлчүлүгүндө катталган жаш жубайларга нике күбөлүгү расмий түрдө тапшырылды.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандан алынып келген улуттук кийиз буюмдары көргөзүлүп, активист Мээрим Ранке тарабынан санариптештирилген жана "Данек" коомдук уюмунун колдоосу менен Франкфурт-на-Майне шаарында басылып чыккан кыргыз тилиндеги "Мурас", "Токтогул", "Жеңижок" китептери тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий