• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ысык-Көлгө жаңы каттамдар. GoBus дагы эки жаңы багытты ачты

Аймак 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. 15-июндан тарта GoBus эки жаңы багытты ишке ашырат, деп кабарлайт Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду.

Бишкектен эми «Ысык-Көл Аврора» санаториясына ыңгайлуу автобус менен жетүүгө болот. Күн сайын эс алуучулар үчүн - Бишкектин Жеңиш аянтынан эртең мененки саат 8де жана Аврорадан - Бишкекке саат 18.00дө жөнөйт. Билеттердин баасы 500 сом.

Дагы бир каттам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропорту менен «Ысык-Көл Аврора» санаторийинин ортосунда каттап турат. Маршруттук бустардын каттоосу аэропорттогу каттамдардын графигине байланыштуу болот. Жол акысы 300 сом.


Белгилей кетсек, GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле "Ала-Арча" жаратылыш паркына же "Манас" аэропортуна билеттерди сатып алууга болот. GoBus`тун башка багыттары да биринчи кезекте сырттан келген туристтерге жана өлк жарандарына багытталган жаңы каттамдар ишке киргизилүүгө даярдалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий