• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.06.22. /Кабар/. Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын адистери Ош ЖЭБинин өкүлдөрү менен биргеликте көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларына алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын алкагында ички жылуулук тармактарын, лифттерди даярдоого, жылуулук системаларынын абалын көзөмөлдөөгө үй комитеттерин тартууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул иш-чараларды Ош шаарынын бардык кичи райондорунда жүргүзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий