• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдүн Даркан айылында сейил бак курулат. Эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Даркан айылында сейил бак курулат, деп билдирет Мамкурулуш агенттиги.

Эскиздик долбоору Жети-өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

Даркан сейил багы айылдагы Шарше Кадыракунов 1/1 көчөсүндө жайгашкан. Долбоордун болжолдуу сметасы 10 млн сомду түзөт.

2024-жылдын 1-жарым жылдыгында курулуш иштери башталары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий