• 87
  • 90.41
  • 0.84

Германияда суу ташкынынан кийин 1,3 миңге жакын адам дайынсыз болууда

Дүйнө 0

Бишкек, 16.07.21./Кабар/. Германиянын батышындагы Арвайлер районундагы суу ташкынынан кийин 1,3 миңге жакын адам дайынсыз деп эсептелинип жатат, убактылуу баш калкалоочу жайларга 3,5 миң адам жайгашкан. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен Deutsche Welle билдирет.

Аталган райондо байланыш жок болгондуктан бийлик дайынсыз болуп жаткандар өздөрүнүн жүргөн жери тууралуу маалымат бере албай атат деп үмүттөнүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча тынымсыз жааган жаандан жана суу ташкынынан улам Батыш Германияда кеминде 58 адам каза болгонун Интерфакс жазып чыкты.

Өлкөнүн энергетикалык компаниясынын маалыматы боюнча, Батыш Германияда азыркы учурда 165 миңге жакын адам электр энергиясыз калган.

Пикир

Оставить комментарий