Германияда кесиптик билим алгыңыз келеби? Анда бул долбоорго катышыңыз

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги менен "FAV Service gGmbH" компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде түзүлгөн долбоордун алкагында кыргызстандык абитуриенттерге Германиянын кесиптик окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2023-жылдын декабрь айында Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен кол коюлган.

Гёте-институттарынан “В2” деңгээлинде немис тилин билүү жана чет тилин билүү деңгээлин баалоонун Жалпы европалык шкаласы (CEFR) боюнча сертификатталган TELC институттарынан сертификаты бар Кыргызстандын 18-26 жаштагы жарандары долбоорго катышуу үчүн өтүнмө жөнөтө алышат.

Долбоордун катышуучуларына Германияда окуу жайы камсыздалып, документтерди даярдоого жардам көрсөтүлөт.

Германияда билим берүү дуалдык система боюнча жүргүзүлөт, анда теория алдынкы ишканаларда практикалык көндүмдөрдү алуу менен бирге кесиптик мектепте окутулат.

Үч жылдык окуу учурунда студенттер турак-жай издөөдө жана каттоодо германиялык өнөктөштөрдөн коштоо, немис банкындагы эсеп, айына 939€ стипендия, медициналык камсыздандыруу алышат. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин, студент дүйнө жүзү боюнча таанылган диплом алат.

Белгиленгендей, долбоорго катышуу акысыз.

Долбоор тууралуу толук маалымат - https://www.fav-kg.com

Байланыш - +380 67 977 5195 (WhatsApp), info@fav-kg.com

Пикир

Оставить комментарий