• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

ИИМ академиясынын курсанттары эл өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин академиясынын 3-курсунун курсанттары КР Жогорку Кеңешине таанышуу максатында келишти. Бул тууралуу ИИМ академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери курсанттарды парламенттин имараты менен тааныштырып, мыйзам чыгаруу органынын тырыхы, жетекчилери тууралуу айтып берди.

Андан соң курсанттар депутат А. Мадумаров, М. Маматалиев, Н. Кадырбеков Э. Жамгырчиев менен жолугушуп, кызыктырган суроолорун беришип, чакан маек курушту.

Эл өкүлдөрү милицияга болгон эл ишенимин жогорулатуу жаш муундардын колунда жана ал үчүн татыктуу билим алып, ак эмгек кылуу керек экенин белигилешип, курсанттардын окууларына ийгилик каалашты.

Андан соң, курсанттар парламенттин чоң жыйындар залында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын отурумуна да күбө болушту.

Пикир

Оставить комментарий