Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнь күндөрү Бишкек шаарына болгон расмий сапарынын алкагында немис жана кыргыз граффити сүрөтчүлөрүнүн тобу менен жолугушту.
Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, Штайнмайер ошондой эле дубалды гүлдөр жана "Рахмат" деген белги менен кооздоду.
Жолугушууну 20 жылдан бери стрит-арт менен алектенген кыргызстандык граффити сүрөтчү Виктор Цой уюштурду.
Пикир
Оставить комментарий