• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Германиянын Тюрингия аймагында "Кыргыз кызы" скульптурасы орнотулду

Коом 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Күн мурун Тюрингия Федералдык аймагынын борбору Эрфурт шаарында "Чет элдик жаштарды тосуп алуу күнү" иш-чарасы жана "Кыргыз кызы" скульптурасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Иш-чарага Тюрингиянын премьер-министри Бодо Рамелов, Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, скульптуранын жасоого демөөрчүлүк кылган Өмүрбек Бабанов, Тюрингиянын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү, ишкерлер, Кыргызстандан келген ишке орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү, студенттер жана Тюрингиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле үч жылдык кесиптик билим алуу үчүн келген студенттер катышты.

Кыргыз жаштарын Тюрингияда кесиптик билим алууга тартуу Тюрингия өкмөтүнүн жана Тюрингиянын “FAV Service gGmbH” компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Студенттерге кайрылып жатып элчи Өмүрбек Текебаев Германияда мыкты кесиптик билим жана тажрыйба алып, аны андан ары Германияда гана эмес, Кыргызстанда да колдонуу маанилүү экендигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында скульптор Тамила Маматова тарабынан даярдалган жана Эрфурт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын аймагында орнотулган колодон жасалган "Кыргыз кызы" скульптурасынын ачылыш аземи болду. Бул скульптура кыргыз жаштарынын Тюрингияда жана жалпысынан Германияда билим жана тажрыйба алууга умтулуусунун символу болуп калды.

"Кыргыз кызы" скульптурасы өткөндүн мурасын алып жүрүү жана жаркын келечекке умтулууну ойготууга чакырык катары жасалган. Ал Кыргызстандагы аялдардын билим берүү, маданият, экономика жана мамлекеттик башкаруудагы активдүү ролун немис коомчулугуна түбөлүккө калтыруу жана көрсөтүү символикасын камтыйт.

Скульптура канча убакыт өтсө да, кооздугун жана туруктуулугун жоготпой турган колодон жасалган. 180 см бийиктик ага улуулукту жана таасирдүүлүктү, ал эми туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү символдоштурган 50 см бийиктиктеги гранит постамент скульптурага керектүү салмакты жана салабаттуулукту берип турат.

Пикир

Оставить комментарий