• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Гидрометеорология агенттигинде түзүлгөн кырдаалды текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Гидрометеорология боюнча агенттиктин жамаатынын ачык катын текшерүү боюнча депутаттык жумушчу топ түзүлөт. Бул туралуу кечээ, 12-июнда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

“Байтик” метеостанциясынын мурунку жетекчиси А.Кулунтаевден жана метеостанция кызматкерлеринен, метеостанция бөлүмүнүн (ОГНС) башкы адиси Г. Дакыбаева, ӨКМнин жана Кыргызгидрометтин жетекчилиги тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана одоно мыйзам бузуулар болгондугу көрсөтүлгөн. Мыйзам бузууларга түрткү берген себептерди жана шарттарды кечиктирбей четтетүү боюнча сунуштарга КР Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети (УКМК) жана прокуратура органдары көңүл бурбай жаткандыгы туралуу жазуу жүзүндөгү кайрылуулар комитеттин дарегине бир нече жолу келип түшкөн.

Комитет мүчөлөрү ӨКМге караштуу Гидрометеорология агенттигинде түзүлгөн кырдаалды текшерүү үчүн жумушчу топ түзүү, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгын комитеттин 2018-жылдын сентябрындагы жыйындарынын биринде кароо боюнча чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий